Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкө тарыхындагы өзгөчө окуя экенин баса белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Кудайга шүгүр, соңку беш жыл аралыгында Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында мамлекетибиз чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, экономикалык көрсөткүчтөрүбүзгө өзүбүз эле эмес, эл аралык каржы институттары, башка өлкөнүн лидерлери да жогору баасын беришүүдө. Андыктан кечеги жеңишибиз мамлекет башчыбыздын тышкы саясатты тең салмактуу жана жигердүү жүргүзгөндүгүнүн жемиши болду", – деди Марлен Маматалиев.
Мындан тышкары, БУУдагы шайлоо жараяндары татаал болгонун айткан Марлен Маматалиев: "Ал жерге 190дон ашуун мамлекет катышып, ар бир өлкө өз оюн айтып, добушун берет. Ошондуктан, жеңишибиздин аркасында чоң жумуштар жасалганын баса белгилешибиз керек", – деп кошумчалады.
Ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы мындан ары да өлкөнүн аброюн арттырууга чоң өбөлгө түзөрүн айтты.
"Бул мамлекетибиздин таанылышына гана мүмкүнчүлүк бербестен, дүйнөлүк масштабдагы маселелерге үн кошуп, айрым жагдайларга чечкенге да аянтча болуп берет. Андан сырткары, туристтик жана инвестициялык потенциалыбызды да жогорулатууга көмөкчү болот", – деди ал.