Түркиянын белгилүү саясатчысы, Түрк дүйнөсү боюнча эксперт Куршад Зорлу Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
"Боордош Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдардагы мезгилге БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Бул жетишкендик жана ээ болгон өкүлчүлүк - түрк дүйнөсүнүн глобалдык тутумдагы өсүп жаткан ролунун кезектеги далили болуп саналат. Кыргызстандын конструктивдүү позициясы жана жоопкерчиликтүү дипломатиясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында тынчтыкты орнотууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө баалуу салым кошоруна ишенебиз. Боордошторубузду толук колдойбуз жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз!", - деп айтылат куттуктоодо.