Президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлүн дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрин Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Документтин максаты Кыргыз Республикасынын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Сыдыков Бакыт Толомушевич Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлү болуп айкалыштыруу менен дайындалсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлүнө ушул Жарлык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары статусу берилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу, баалоо жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;

– чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен санкциялык чектөөлөр маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

– санкциялык саясат, эл аралык чектөө чараларын сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу, экинчидеги санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын билдирүү;

– эл аралык чектөө чараларын сактоо, трансчек аралык эсептешүүлөрдүн туруктуулугу, товарларды, технологияларды, жабдууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын макулдашылган позициясын иштеп чыгууну камсыз кылуу;

– санкциялык комплаенс, тышкы экономикалык иш, финансылык мониторинг, соода саясаты, инвестициялык кызматташтык жана улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;

– санкциялык режимдердин жана эл аралык чектөө чараларынын Кыргыз Республикасынын экономикасына, анын ичинде финансылык секторго, соодага, логистикага, өнөр жайга, инвестицияларга, экспорттук-импорттук операцияларга жана трансчек аралык эсептешүүлөргө тийгизген таасирине талдоо жүргүзүү;

– санкциялык чакырыктарга мониторинг жүргүзүү, эртелеп алдын алуу жана оперативдүү чара көрүү системасын түзүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:

– санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө, консультацияларда жана расмий диалогдо Кыргыз Республикасынын позициясын белгиленген тартипте билдирүүгө;

– жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, материалдарды, корутундуларды, аналитикалык маалыматтарды жана башка маалыматтарды мамлекеттик органдардан суроого жана алууга;

– кароо жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды мамлекеттик органдарга берүүгө жана суроо-талаптарды жөнөтүүгө;

– санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, эл аралык чектөө чараларын сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу маселелери боюнча ведомстволор аралык кеңешмелерди, консультацияларды, жумушчу жолугушууларды чакырууга жана өткөрүүгө;

– санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, эл аралык чектөө чараларын сактоо, аларды айланып өтүүнү алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүүгө;

– аналитикалык материалдарды, корутундуларды, сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо үчүн мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун, ишкер бирикмелердин, финансылык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн тартууга;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторду, эксперттик топторду жана башка жумушчу механизмдерди түзүүнү демилгелөөгө;

 – санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу, эл аралык чектөө чараларын сактоо жана аларды айланып өтүүнү алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды жөнөтүүгө;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча (санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча) атайын өкүлүнүн тапшырмаларын жана суроо-талаптарын негизсиз создуктурууга, аткарбоого же талаптагыдай эмес аткарууга жол берген кызмат адамдарына карата чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө.