Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун жол-жоболорун өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун максаттары жана милдеттери;
2) Кыргыз Республикасында протоколдук иш-чараларды өткөрүү тууралуу жалпы жоболору;
3) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары тууралуу жалпы жоболору;
4) чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруу тартиби;
5) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо тартиби;
6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун жалпы жоболору (тиркеме) белгиленүүдө, аларга ылайык:
– сапарлардын мүнөзү жана форматы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары тууралуу жоболору;
– Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламенттеринин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн сапарларынын тартиби;
– Кыргыз Республикасына монархтардын, тактынын мураскорлорунун жана падышалардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчөлөрүнүн сапарларынын тартиби;
– Кыргыз Республикасына эл аралык уюмдардын башчыларынын сапарларынын тартиби;
– өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын жыйналыштарынын тартиби;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын өлкө боюнча иш сапарларынын тартиби;
– протоколдук иш-чаралардын тартиби жана талаптары жөнүндө башка жоболору;
7) Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын протоколдук улуктугу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.