Нарын облусундагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз курулуштар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу 4-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын шаарынын Т.Айматов көчөсү 78 дарегинде жайгашкан объектте административдик имараттын курулушу архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлгөндүгү аныкталды.
Тактап айтканда, курулуш иштери өз билемдик менен жүргүзүлгөн. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “АБК Голд” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырат жана курулуш ченемдерин бузган тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.