Жалал-Абадда автобекет курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча эскертүү берилди
Новость

Жалал-Абадда автобекет курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу 5-июнда Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын курулушу жана автобекеттин курулушу текшерилди. 

Анын жүрүшүндө, автобекеттеги асфальт басууда  биринчи катмары тегиз ныкталган эмес жана имараттын чатырын жабууда кемчиликтер аныкталды. Мындай аракеттер курулуш ченемдерин одоно бузуу болуп эсептелет.  Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Тянь Вэйго” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш субъекттерин курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат жана мыйзамсыз курулуштар үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет. 

713383658_1504690797796631_2920538560609707329_n.jpg 91.13 KB