Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри менен жолугушту
Новость

Бишкекте бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана расмий сапар менен өлкөгө келген Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин менен жолугушту.

Мамлекеттик туулар тигилип, Ардактуу күзөт тизилип, килем төшөлдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Беларусь Премьер-министри бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды, андан соң тизилген аскерлердин катарын кыдырып чыгышты. 

Аземдин жүрүшүндө алар туу алдында таазим кылышты. 

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Премьер-министри Александр Турчин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.