Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 5-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин "Кыргызстан-Беларусь" эл аралык кызматташтык экономикалык форумуна катышты.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, бүгүнкү форум ачык талкуулоо, түз байланыш, биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке киргизүү үчүн маанилүү жана өз учурундагы аянтча болуп саналат.
"Кыргызстан менен Беларустун кызматташуусун кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалы бар. Кыргызстандын географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу жана логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм тармагында мүмкүнчүлүктөрү бар. Беларусь өз кезегинде күчтүү өнөр жай базасы, машина куруу, айыл чарба технологиясы, илимий-өндүрүштүк тажрыйбасы менен белгилүү. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырууда чоң потенциалды көрүп жатабыз. Бүгүн бул жерде түздөн-түз сүйлөшүүгө, рыноктун реалдуу муктаждыктарын талкуулоого жана өз ара пайдалуу чечимдерди табууга даяр болгон бизнес өкүлдөрүнүн келиши өзгөчө маанилүү. Бизнестин түз байланышы - ишенимдин пайдубалы. Ал эми ишеним өз кезегинде ийгиликтүү жана туруктуу долбоорлорду ишке киргизүүнүн ачкычы", - деген Адылбек Касымалиев форумдун ийгиликтүү аякташын билдирди.
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин өз кезегинде бизнес-форумдун эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө перспективаларын талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча катары маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Беларус Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Кыргыз-беларус ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө папкаларды алмашуу аземи болуп өттү.
Бизнес форумга эки өлкөдөн 150гө жакын бизнес өкүлдөрү катышууда.





