Борбор калаадагы Исакеев көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Новость

Борбор калаадагы Исакеев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 5-июнда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдун узундугу 1100 метр. Ал Достоевский көчөсүнөн Виноградная көчөсүнө чейинки аралыкты ээлейт. Долбоордун алкагында заманбап жол жабуусун төшөө менен катар жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана жаан-чачын сууларын агызуу үчүн ирригациялык система куруу каралган.

Бул долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

1780639596.jpg 193.19 KB