Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан турнирде алтын утту
Новость

Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан "Open Ulaanbaatar" турниринде биринчи орунду ээледи. Балбан 63 килограм салмактагылар арасында күч сынашты. 

Биринчи беттешинде ал ирандык Эрфан Жарканини 1:1 эсебинде утту. Экинчи беттешинде индиялык Санни Кумарды 5:1 эсебинде утуп, үчүнчү беттешинде ирандык Мохаммад Мехди Аббас Кешткарга 1:10 утулду. Жарым финалда казакстандык спортчу Эркебулан Ардаковду 1:3 эсебинде жеңди. Финалда Шаршенбеков кайрадан ирандык Кешткар менен беттешүүгө тийиш болчу. Ирандык спортчу жаракатына байланыштуу беттештен баш тартты. Мындан улам жеңиш Жоламан Шаршенбековго ыйгарылды.