Адылбек Касымалиев Кыргызстандын курама командасы менен жолугушту
Новость

Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Адылбек Касымалиев алдыдагы эл аралык беттештерге чейин Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен жолугушту. 

Белгилей кетсек, 6-июнь жана 9-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы ФИФАнын июнь күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт. 

Адылбек Касымалиев футболчуларга жана машыктыруучулар штабына алдыдагы беттештерде ийгилик каалап, алардын кесипкөйлүгүнө жана эл аралык аренада Кыргызстанды татыктуу көрсөтүүгө умтулуусуна ишенимин билдирди.