Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолуна түшкөн кум жана таш көчкү тазаланып, каттам толук ачылды. Бардык унааларга чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жеринде министрликке караштуу №38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барышты.
Белгилей кетсек, 5-июн күнү саат 17:30 чамасында аталган унаажолдун 427+000–436+000-чакырым аралыктарында 11 жерден көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.