Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Палестина курама командасына каршы оюнда Кыргызстандын курама командасын колдоо үчүн биринчи жолдоштук беттешке келди.
Командалар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн жана 9-июнда эки оюн өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү этаптарынын бири болуп саналат.