Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын жолдоштук беттешине барды
Новость

КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттешке барды.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү.

Мамлекет башчысы менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев да оюнга барышты.

Командалар оюнду 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. 

Курамалардын ортосундагы экинчи беттеш 9-июнда өтөт.