Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарындагы Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды.
7-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объекттеги долбоордук чечимдер жана курулуш иштеринин алгачкы этабы менен таанышты. Долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Министр Нурдан Орунтаев объект олимпиадалык талаптарга ылайык курулуп жаткандыктан, курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
70 жылдык тарыхы бар спорт академиясында союз мезгилинен кийин пайдаланылбай калган бассейн калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорттук объектке айландырылат. Ошондой эле стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
Долбоордун алкагында окуу корпустары, кең аудиториялар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, санитардык-техникалык жайлар курулуп, аймак көрктөндүрүлөт жана заманбап инженердик коммуникациялар тартылат.
Учурда эски имараттарды демонтаждоо иштери жүрүүдө.
йпепери
















