Бүгүн, 8-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы “Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине онлайн форматта катышты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда батирлер 5 блок, 5 кабаттан турган жалпы 225 батир бүгүн ээлерине тапшырылды. Батирлердин жалпы аянты - 18 148,8 м². Ар бир блокто кампалар каралган - жалпы 14 290,0 м². Биринчи этапта Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилген 2,32 гектар аянтка 5 кабаттуу 5 блок курулуп бүттү.
Комплексте балдар аянтчасы - 830 м², жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай - 74 орун, футбол аянтчасы жана спорт комплекси бар.
Экинчи этапта дагы 1,95 гектар аянтка кошумча 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүүдө. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө: “Бул долбоор жарандардын турак-жай маселесин чечүүгө багытталган мамлекеттик ипотекалык программанын ишке ашкан мисалы. Ар бир жараныбыз үйлүү болот” - деп белгиледи.
Бул салтанаттуу иш-чара өлкөдө жарандарды турак-жай менен камсыздоону жакшыртууга жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.











