Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнь күнү 73 жашында кайтыш болду.
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Билими жогору. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин, 1989-жылы СССР ИИМдин Башкаруу академиясын (Москва) бүтүргөн.
Эмгек жолун 1970-жылы Ленин атындагы заводдун токары болуп баштаган.
- 1976-1978 — советтик соода техникумунун комсомол комитетинин катчысы;
- 1978-1982 — Кыргызстан ЛКСМдин инструктору, уюштуруу бөлүм башчысынын орун басары;
- 1982-1983 — Ысык-Көл облустук комсомол комитетинин катчысы;
- 1983-1986 — Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин саясий бөлүмүнүн башчысы;
- 1986-1989 — СССР ИИМ Башкаруу академиясынын угуучусу;
- 1989 — Ысык-Көл облустук ИИБ башчысынын орун басары;
- 1990 — Кыргыз Республикасынын Жогоку Советинин депутаты;
- 1990 — Жогоку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;
- 1991-1994 — Ысык-Көл облустук ИИБдин жетекчиси;
- 1994-1997 — КРдин ички иштер министринин орун басары;
1997-2001 — ички иштер министринин биринчи орун басары;
- 2001 - КРдин Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары жана КР президентинин алдындагы эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
2002— КР президенттик администрациясынын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча бөлүм башчысы;
2002- 2005 — Кыргыз Республикасынын башкы прокурору;
- 2005 — ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
- 2006-2007 — КР президенттик администрациясынын жетекчиси;
- 2010 — "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланып, ошол эле жылы декабрда парламенттин төрагасынын орун басарлыгына шайланган.
- 2012 — Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча комитетинин төрагасы;
- 2012-2014 — "Ата-Журт" фракциясынын лидери;
- 2015 — "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2023-жылы Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген.