Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча ЕБ “кара тизмесинен” чыгарылды
Новость

Кыргыз Республикасы Европа Биримдигине учууларга тыюу салынган аба аркылуу ташуучулардын тизмесинен чыгарылды. 

Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын билдирүүсүндө маалымдалгандай, Кыргызстанда тастыкталган бардык аба аркылуу ташуучулар ЕБге учууларга тыюу салынган авиаташуучулардын тизмесинен чыгарылды.

Чечим ЕБдин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынды жана ал Европа Комиссиясынын тиешелүү Регламенти менен таризделет.

Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  тапшырмасы менен жарандык авиацияны реформалоо, учуулардын коопсуздугун мамлекеттик көзөмөлдөөнү бекемдөө жана улуттук системаны ИКАОнун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлдү.

Европа Комиссиясы жетишилген прогрессти, анын ичинде техникалык кеңешмелердин, 2026-жылдын мартындагы баалоо сапарынын жыйынтыктарын жана Брюсселдеги ийгиликтүү угууларды жогору баалады. 

Жетишилген натыйжаларды колдоо үчүн Европа Комиссиясы кыргыз тарап менен техникалык өз ара аракеттенүүнү улантат.