Калың кардын кесепетинен Нарын жана Ысык-Көл облустарында майда мал кыргынга учурады
Новость

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, калың кар жаашынын кесепетинен Нарын облусунун Ат-Башы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондорунда майда малдын чыгымга учураган учурлары катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар койлордун жүндөрүн кыркып, жайлоого айдап чыгышкан. Калың кар жааганда мал суукка туруштук бере албай калган. Малдын кырылышына жугуштуу оорулар себеп болгон эмес.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарды колдоо максатында жетиштүү көлөмдө тоют даярдалып, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин көмөгү менен тоют жайлоолорго үзгүлтүксүз жеткирилди. Учурда эпизоотиялык абал туруктуу. 

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө аба ырайы турукташып, жааган кар эриди. Чыгым болгон малдын тарпы тоют жеткирүүдө пайдаланылган унаалар аркылуу айыл аймактарына жеткирилүүдө. Айылдарга жеткирилгенден кийин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жок кылуу иштери жүргүзүлөт.                                      

Азыркы тапта тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кырдаал көзөмөлгө алынып, жайлоолордогу малчыларга зарыл жардам көрсөтүлүүдө. Ошондой эле ветеринардык адистер малдын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин улантууда.