8-июнда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Футбол Биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Ош шаарында курула турган заманбап футбол аренасынын долбоору жана курулуш үчүн каралган жер тилкеси менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Ошондой эле калаа башчы Президент Садыр Жапаров жаштар үчүн 5200 орундуу "Ош Арена" спорттук жана маданий салтанаттарды өткөрүүчү жайдын курулушун колдогонун белгилеп, бул долбоор шаардагы спорт менен маданияттын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар А. Момунов атындагы футбол академиясынын аймагында күйөрмандар үчүн курула турган трибунанын орду жана келечекте ишке ашырыла турган башка долбоорлор менен таанышып, академияда машыгып жаткан жаш футболчулар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты.
Жаңы футбол аренасы келечекте республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап спорттук жайлардын бири болуп, өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.