Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев туризм, авиакаттамдар жана соода чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн БАЭ делегациясын кабыл алды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭ Жакынкы Чыгыш аймагында маанилүү экономикалык өнөктөш экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын өз ара пайдалуу багыттар боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы БАЭнин делегациясына жана "Air Arabia" авиакомпаниясынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргыз Республикасынын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүгө макулдашышты.
