Бишкекте Кулмурзаев көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө
Новость

Бишкекте Кулмурзаев көчөсүнө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 9-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык жолдорду калыбына келтирүү иштери 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык төмөнкү бөлүктөрдө жүргүзүлүүдө: Куйручук көчөсүнөн Кулмурзаев көчөсүнө чейин; Молдокулов көчөсүнөн Куйручук көчөсүнө чейинки аралык оңдоодон өткөрүлөт.

Долбоорго жолдун үстүнкү катмарын капиталдык оңдоо, тротуарларды орнотуу жана сугат тармагын куруу кирет.

Учурда объектте жол жээгиндеги бордюрларды орнотуу, шагыл негизин төшөө жана жолдун бетин тегиздөө иштери жүрүп жатат. Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1545 метрди түзөт.

Долбоор шаардык инфраструктуранын сапатын жакшыртууга, жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.