Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
(мындан ары – КР КЖК):
- 312 (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 315-беренелеринде (Мас абалындагы адамдын автомототранспорт каражатын айдоосуна жол берүү) каралган кылмыштар боюнча сот тарабынан милдеттүү түрдө кошумча жаза дайындоону транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу катары киргизүү (63-берене);
- КР КЖКнын 312-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүндө (Мас абалында транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) каралган кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга пробациялык көзөмөлдү колдонууну алып салуу (82-берене);
- транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү
(312-берене);
- мурда укук бузгандыгы үчүн жаза чарасына тартылган адамды, мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн белгилүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчгө чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жоопкерчиликти киргизүү (3121-берене).
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине:
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жаза чарасынын түрүн алып салуу (28, 311-беренелери);
- транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоого жол берүүчү негиздерди тактоо (37-берене);
- транспорт каражаттарын башкаруу укугун кошумча укуктук кесепеттердин тизмесине киргизүү – бул укукту пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн колдонулуучу атайын укуктан ажыратуу
(39-берене);
- транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчилик киргизүү
(184-берененин 4-бөлүгү);
- жыл ичинде кайталанып жасалган автохулигандык үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү (189-берененин 2-бөлүгү);
- кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кеткендиги үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан
6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү (192-берененин 4-бөлүгү);
- кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кеткендиги үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти киргизүү (192-берененин 5-бөлүгү);
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (193-берене);
- жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоо номердик белгилери (белгиси) бар транспорт каражатын башкаруу жыл ичинде кайталанып жасалгандыгы үчүн жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу менен жоопкерчиликти күчөтүү
(449-берененин 2-бөлүгү);
- 189-берененин 2-бөлүгүндө, 192-берененин 4-бөлүгүндө,
193-берененин 1–21, 4–5 бөлүктөрүндө, 449-берененин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону жана жаза чараларды көрүүнү соттун ыйгарым укуктарынан ички иштер органдарына өткөрүп берүү
(454-берене);
- тиешелүү жол белгилерин милдеттүү түрдө орнотпостон, ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорт каражаттарына жана башка каражаттарына укук бузууларды белгилөө үчүн фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонууда алып салууну бекитүү (513-берене);
- электрондук формадагы укук бузуу жөнүндө протоколдо (токтомдо) түзүлүүчү жаза чарасын жана (же) кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркемелер, электрондук почта же мобилдик телефонго СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүүнү аныктоо (518-берененин 4-бөлүгү);
- экинчи инстанциядагы сот тарабынан апелляциялык тартипте кабыл алынуучу чечимдерди төмөнкүдөй чечимдер менен толуктоо (552-берене):
токтомду өзгөртүү жөнүндө;
укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана жаңы аныктама чыгаруу тууралуу.
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине (мындан ары – КР КЖПК) КР КЖКнын 312-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес, оор, өзгөчө оор залал келтирүү менен мас абалында жасалганда) боюнча козголгон кылмыш ишин жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) КР КЖПКнын 58-главасына ылайык жана КР КЖКнын 57-беренесинде каралган тартипте жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде кыскартууга тыюу салууну болжолдоо.
4) «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:
- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулуучу негизги терминдерди тактоо;
- каттоо (кайра каттоо) жана эсепке алуунун максаттарын, шарттарын конкреттештирүү.