Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:
– 10-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“”Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын жана “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө маселелер Комиссиянын жыйналышында гана каралышы мүмкүн”.