Өзүн Эльдар Жакыпбеков деп тааныштырган адам УТРКнын атынан +996 707 553 191 номери аркылуу жарандарга телефон чалып, коркутуу жолу менен акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө.
УТРК расмий түрдө билдирет: телерадиокорпорация эч качан кандайдыр бир материалдар үчүн акча талап кылбайт жана мындай аракеттер менен алектенбейт.
Жарандарды сак болууга жана шектүү чалууларга ишенбөөгө чакырабыз.
Күмөндүү учурлар болгондо төмөнкү телефон номерлер аркылуу тактап алууну өтүнөбүз: 0 312 39 20 59, 0 312 39 15 64