Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев КМШ форумунда гуманитардык кызматташтыктын жаңы артыкчылыктарын белгиледи
Новость

9-июнунда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX Форумунун пленардык жыйынына катышты.

Арслан Койчиев өз сөзүндө катышуучуларды өлкө жетекчилигинин атынан куттуктап, Форум маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты бекемдеп, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик катчы КМШнын 35 жылдык мааракесинин жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдыгынын өзгөчө маанисине токтолду.

Арслан Койчиев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» мамлекеттик доктринасы тууралуу айтып, туруктуу өнүгүүнүн негизи руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар экенин баса белгиледи. Ал Кыргызстандын үч негизги артыкчылыгын белгиледи: улуттук мурасты сактоо менен дүйнөгө ачык болуу, муундардын тажрыйба алмашуусун камсыздоо жана маданият менен илимди гуманитардык дипломатиянын негизги куралы катары өнүктүрүү.

Мамлекеттик катчы КМШ өлкөлөрүн жаштар илимин колдоого, жалпы маданий мурастарды санариптештирүүгө жана чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө чакырды.

Сөзүнүн соңунда Мамлекеттик катчы интеллигенцияны элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды чыңдоого салым кошууга үндөдү.