Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектептин курулушу жүрүүдө. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Башкы планга ылайык, мектеп беш блоктон турган төрт кабаттуу имарат болот. Анын жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Мектепте заманбап окуу корпус, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.
Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт менен 2500ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
