9-июнда Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы экинчи жолу жолдоштук футболдук беттеш орун алды. Командалар оюнду 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Буга чейин 6-июнда болгон жолдоштук беттеш да те чыгуу менен аяктаган эле.
Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү.