Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Рысбеков Алтынбек Дурусбекович Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.