Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнатына катышты.
Маркумду акыркы сапарга узатуу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан Мыктыбек Абдылдаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Мыктыбек Абдылдаев кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошконун белгилеген Төрага: «Мыктыбек Юсупович өлкөбүздүн кадыр-барктуу жана тажрыйбалуу юристтеринин бири эле. Анын пикири ар дайым кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болчу. Агабыздын жаркын элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат», – деп билдирди.








