Соң-Көлдөн эки жарым чакырым узундуктагы балык уулоочу торлор чыгарылды
Новость

10-июнда Соң-Көл көлүнүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан болжол менен 2500 метр мыйзамсыз эски торлор суудан чыгарылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда тазалоо иштери караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү. Буга чейин Ысык-Көлдөн балык ресурстарына олуттуу зыян келтирген жалпы узундугу бир километрден ашуун синтетикалык мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып, 25 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылган. 

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулууда.