Бишкекте мугалимдер арасында «Ден соолук» спартакиадасынын шаардык этабы өтүүдө. Спартакиада 2026-жылдын 14-июнуна чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.
Ал өз сөзүндө бардык командалар райондук этаптан ийгиликтүү өтүп, шаардык баскычта күч сынашууга татыктуу болгонун белгиледи. Ошондой эле спартакиаданын жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын курама командасы түзүлүп, Ысык-Көл облусунда өтө турган республикалык этапка катышат.
Катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашууда: шахмат, тогуз коргоол, ордо, стритбол, эркектер жана аялдар арасындагы волейбол, кичи футбол, ошондой эле эркектер жана аялдар арасындагы стол тенниси. Ар бир спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.
Спартакиаданын негизги максаты - сергек жашоо образын жайылтуу, билим берүү тармагындагы кызматкерлер арасында массалык спортту өнүктүрүү жана педагогдордун дене тарбия даярдыгын жогорулатуу.
Спартакиаданын ачылышынын алкагында билим берүү жана спорт тармагындагы кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Департаменттин Ардак грамоталары менен 12 спорт боюнча инструктор жана дене тарбия мугалими сыйланды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» наамы Эрлан Атабаевге ыйгарылды.