Эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жаранга айып салынды. Бул тууралуу 11-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, аталган жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды, жашыл аянттарды жана жаратылыш объекттерин сактоого чакырат. Авто жана мототранспорт каражаттары менен жер кыртышын бузуу экологияга зыян келтирип, жайыттардын деградациясына жана эрозиялык процесстердин күчөшүнө алып келет.
Жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.