Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулуп жаткан объектинин курулушу токтотулду
Новость

Маалыматка караганда Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөлдөө иштеринин алкагында Ысык-Көл району, Тамчы айылынын Ш. Усубакунов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан  объектинин курулушунда бир катар мыйзам бузуу фактылары катталды. 

Тактап айтканда, аталган объект боюнча уруксат берүүчү документтин жана макулдашылган долбоордун жоктугу аныкталды. Мындан тышкары, курулуш ченем, эрежелеринде каралган өрткө каршы аралык жана коңшу жер тилкесинин чек арасына чейинки минималдуу аралык сакталбагандыгы белгиленди.

Натыйжада, аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн тарап  Д.Ш.Уга карата акт түзүлүп, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы коюлуп, курулушу убактылуу токтотулду. Ошондой эле протокол түзулуп,  200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.