Ош облусунда ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча чаралар талкууланды
Новость

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өттү. Иш-чарага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Анда балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Кеңешмеде 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыктары каралып, өлкөнүн түштүк регионунда балдардын ден соолугун коргоону күчөтүү боюнча кошумча чаралар аныкталды. Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнө кеңири талдоо жүргүзүлүп, өлүм учурларынын негизги себептери, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын жана стационарлардын деңгээлинде балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты каралды.