“Салык салуу системасын жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Салык салуу системасын жана салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкү сунуштарды киргизсин:

1) иштин төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырган субъекттерди 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотуу, ошондой эле киреше салыгынын ставкасын 5 пайыз өлчөмүндө белгилөө: – программалык камсыздоону жана маалыматтык системаларды, анын ичинде жасалма интеллектти иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр; – Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматты, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио- жана видеоматериалдарды чыгаруу, жайгаштыруу жана жайылтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (блогерлердин иши); – бизнес-процесстердин алыстан аутсорсинги боюнча кызмат – инновациялык идеялардын же уникалдуу технологиялардын негизиндеги стартаптар; – кинофильмдерди, видео- жана телевизиондук программаларды чыгаруу; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу креативдүү жана чыгармачылык иштин башка түрлөрү;

2) төмөнкү кызматтарды көрсөтүүчү субъекттер үчүн төлөө формасына карабастан бирдиктүү салыктын ставкасын белгилөө: – сауналар жана мончолор – 5 пайыз өлчөмүндө; – Бишкек жана Ош шаарларында коомдук тамактануу – 5 пайыз өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын калган аймагында 3 пайыз өлчөмүндө;

3) эсеп-фактурада көрсөтүлгөн берүү датасы, контролдуккассалык чек чыгарылган дата же төлөмдү алган дата, бул окуялардын кайсынысы мурда болгондугуна жараша сатуудан алынуучу салык жана бирдиктүү салык боюнча салык милдеттенмеси келип чыккан дата болуп эсептелген ченем турак жана турак эмес жайларды алгачкы сатууну жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине гана жайылтылат деп белгилөө, ошондой эле мындай субъекттер үчүн төлөө формасына карабастан бирдиктүү салыктын ставкасын 4 пайыз өлчөмүндө белгилөө;

4) 2026-жылдагы мезгил үчүн салык милдеттенмелерин автоматтык түрдө түзүүнүн натыйжасында пайда болгон кыймылсыз мүлк салыгы боюнча туумдарды эсептебөө;

5) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүгө 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу чыгуу тартибинде салык салуунун жалпы режимине өтүү укугун берүү;

6) мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы согуштук окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына кийин акысыз өткөрүп берүү үчүн арналган турак үйлөрдү курууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринин салык карызын эсептен чыгаруу;

7) ишкердик субъекттерине 2025-жылдын 1-апрелине чейин ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына ашыкча киргизилген, алгачкы эсептик документтери жок товарлар жөнүндө маалыматтарды оңдоо, ошондой эле мындай товарларды салык салуу максаттары үчүн сатылган деп тааныбоо укугун берүү;

8) эл аралык товар биржаларындагы бааларды эске алуу менен алтын жана күмүш боюнча кен казуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгын жогорулатуучу ставкаларды белгилөө;

9) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан тиешелүү документтерсиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүлүүчү товарлар үчүн мындай товарлардын наркына жараша дифференцияланган айыптарды белгилөө.

2. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы ушул Жарлыктын 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган субъекттер үчүн орточо айлык эмгек акынын 12 пайызы өлчөмүндө белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 304 «Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттун 2-пунктчасында «үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды (жүктөрдү) контрабандалык жана/же эсепке алынбаган алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын» деген сөздөр «үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды (жүктөрдү) контрабандалык алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт алмаштырылсын.

4. каражаттарын» деген сөздөргө Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.