“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн сый акы алуу укугу боюнча колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана эки ача чечмелөөнү жоюу максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

30-беренесинин 3-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо каралган, ага ылайык:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, фракциялардын же депутаттык топтордун, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарынан бош убакытта жүзөгө ашырылуучу педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кайсы бир акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укуксуз;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын педагогикалык жана илимий иши болуп билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш эсептелет;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын чыгармачылык иши болуп автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу илим, адабият жана искусство чөйрөсүндөгү өзүнүн чыгармачылык эмгегинин жыйынтыктарын жаратуу, пайдалануу жана ишке ашыруу боюнча иши эсептелет;

– иштин аталган түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты сый акы алууга укуктуу.

Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.