Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр аткаруучу ишканага объекттеги иштердин сапатына көңүл буруп, жумушчуларды көбөйтүү талабын койду. Ошондой эле борбордук стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи.
Долбоорго ылайык, 5000 орундуу стадиондо батыш жана чыгыш трибуналар, оюнчулар үчүн керектүү бардык шарттар, ошондой эле медиа, VIP-зоналар жана VAR системасын жайгаштыруу каралган. Мындан тышкары, комплексте футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик бөлмөлөр болот.
Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Объектини быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.


