Бишкекте "Кыргыз Республикасынын ММА ассоциациясынын президентинин кубогуна" арналган турнир өттү
Новость

Бишкек шаарында Kulatuu WEF-Amateurs жана UWW Pankration MMA эрежелери боюнча "Кыргыз Республикасынын ММА ассоциациясынын президентинин кубогуна" арналган эл аралык турнир болуп өттү.

Турнирдин ачылышы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы жана Кыргызстандын ММА ассоциациясынын президенти Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичтин катышуусунда өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар, ошондой эле коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Турнир жаш спортчулардан тарта тажрыйбалуу мушкерлерге чейинки бардык курактык жана салмактык категориядагы катышуучулардын башын бириктирип, аралаш уруш өнөрүнүн өнүгүү деңгээли жогору экенин жана катышуучулардын географиясы кеңири экенин айгинеледи.

Турнирдин жүрүшүндө көрүүчүлөр кызыктуу беттештерге күбө болушту. Анда спортчулар өздөрүнүн жогорку чеберчилигин, эрктүүлүгүн жана чыныгы спорттук духун көрсөтө алышты.

Жалпы командалык эсептин жыйынтыгы боюнча мелдештин баш байгеси - "Кыргыз Республикасынын ММА ассоциациясынын президентинин кубогун" башкы машыктыруучу Арслан Тыныбековдун жетекчилиги астындагы "Альфа Профи" спорттук клубу багындырды.

Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, мындай эл аралык турнирлерди өткөрүү сергек жашоо образын жайылтууга, аралаш уруш өнөрүн өнүктүрүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн спортчулары ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана эл аралык спорттук аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө өбөлгө түзөт.