Курулуш министри Нурдан Орунтаев 13-июнь күнү быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлө турган аймактагы даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда аталган аймакта Курулуш министрлиги тарабынан инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, унаа токтотуучу жайларды куруу, асфальт төшөө жана узундугу 800 метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарларды салуу иштери аткарылууда.
Объектте көчмө жумушчу жыйын өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштерин каржылоо, аймакты көрктөндүрүү, коопсуздук талаптарын камсыздоо жана эл аралык мелдешти өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери талкууланды.
Министр Нурдан Орунтаев даярдык иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай деңгээлде бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: F1H2O World Championship - суу-мотор спорту боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу чемпионаттардын бири болуп саналат. Эл аралык мелдеш дүйнөнүн алдыңкы спортчуларын жана командаларын бириктирип, миллиондогон көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Чемпионаттын Ысык-Көлдө өткөрүлүшү Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана аймактын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.



