Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезонго карата инфраструктуранын даярдыгы текшерилди
Новость

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Анда туристтик жана коммуналдык инфраструктура объектилери текшерилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда текшерүү Президент Садыр Жапаровдун "Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. 

Белгилүү болгондой жайкы туристтик сезонго карата пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана башка жайгаштыруу объектилеринин даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу объектилери текшерүүгө алынган. Анан жүрүшүндө тазалоочу курулмаларды модернизациялоо жана натыйжалуу пайдалануу, аймактардын санитардык абалы, калдыктарды башкаруу системасын уюштуруу, ошондой эле таштанды полигондорун экологиялык талаптарга ылайык келтирүү маселелери талкууланды.