Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 16-17-июнунда жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барат.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстан Республикасынын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөөрү жана башка сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.
Мындан тышкары, форумга катыша турган делегация башчылары менен биргеликте Борбор Азия эл аралык көргөзмө борборуна (Central Asian Expo) барып бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборунда тарыхый булактар менен таанышат.