2026-жылы Ысык-Көл форумунун түзүлгөнүнө 40 жыл толот. Маараке Кыргызстандын дүйнөлүк интеллектуалдык жана маданий мейкиндиктеги ордун бекемдөөгө багытталган маанилүү окуялардын бири. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири - манасчы Азиз Биймырза уулу билдирди.
Айта кетсек, форум алгач 1986-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен уюштурулган. Анын негизги максаты - цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү жана глобалдык маселелерди талкуулоо болгон.
Быйыл форум жаңы мазмун менен өтүп, Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролун дагы бир жолу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Иш-чарага дүйнөгө таанымал тарыхчы Питер Франкопан, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян, архитектор Лаура Перетти жана башка көрүнүктүү интеллектуалдардын катышуусу күтүлүүдө.
Эксперттердин пикиринде, Ысык-Көл форумунун кайра жанданышы Кыргызстанды идеялардын, маданияттардын жана цивилизациялардын жолугушуучу борбору катары таанытууга өбөлгө түзөт. Форумдун алкагында Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик мурасы, «Манас» эпосунун дүйнөлүк мааниси, экологиялык туруктуулук, маданий дипломатия жана Евразия мейкиндигиндеги кызматташтык маселелери талкууланат.
Уюштуруучулар белгилегендей, форумдун 40 жылдыгы тарыхый датаны эскерүү менен гана чектелбестен, Кыргызстанды дүйнөлүк диалогдун жана интеллектуалдык кызматташуунун маанилүү аянтчаларынын бирине айландырууга багытталган жаңы демилгелердин башаты болот.