Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестициялык потенциалын Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө тааныштырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 15-июнда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бизнес-жолугушууга катышты. 

Иш-чара кыргыз делегациясынын Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында болуп өттү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. 

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы түз байланыштарды мындан ары чыңдоого жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

 «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Биз кытай компаниялары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз жана инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деп баса белгиледи ал. 

Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин, достук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделгендигин белгиледи. Ал Кытай Кыргызстандын ири соода жана инвестициялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи. 

Тараптардын сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин жолугушуу Кыргызстандын жана Кытайдын бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог форматында уланды. Баарлашуунун жүрүшүндө катышуучулар кызматташтыктын келечектүү багыттарын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүнү талкуулашты. 

Жолугушуунун алкагында кыргыз тарап транспорт, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана социалдык инфраструктура тармактарындагы бир катар келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштады.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ата мекендик бизнестин, энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Шаньдун провинциясынын алдыңкы компанияларынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү иш-чарага катышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишилди.