Мектеп окуучуларына билими тууралуу аттестаттар 26-июнда тапшырылат
Новость

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземи 2026-жылдын 26-июнунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат.

Документти тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Ошондой эле менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш-чараны өткөрүү үчүн ар кандай акча каражаттарын чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине көрсөтүлгөн иш-чарадан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.