Тоголок алтын кенинде ири өндүрүштүн пайдубалы түптөлүүдө. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” компаниясынан 15-июнда билдиришти.
Маалыматка караганда долбоор өлкө тарыхында биринчи жолу толугу менен Кыргызстандын өз каражаты менен ишке ашырылып жатат.
Долбоорду «Кумтөр Голд Компани» каржылап, анын туунду ишканасы «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишке ашырууда. Ачылганына дээрлик жарым кылым болгон кен буга чейин жайгашкан аймагынын татаалдыгынан улам өздөштүрүлгөн эмес.
Тоголок кени деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, өлкөнүн эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарынын биринде жайгашкан. Катаал климат, тик аска-зоолор жана тез өзгөргөн аба ырайы бул долбоорду ишке ашырууну олуттуу сыноого айланткан.
Ошого карабастан, компания кызматкерлери кыска убакыттын ичинде ири иштерди аткарышты. Кенге баруучу жолдор кеңейтилип, Кайчы дарыясына жаңы көпүрө курулду. Ошондой эле материалдык-техникалык база чыңдалып, инфраструктура жакшыртылды.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, учурда Тоголок кениндеги карьер толук кандуу иштеп жатат.
«1-1,5 ай ичинде алтындын коруна жетүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн 8 карьердик самосвал, 2 чоң экскаватор, жүктөгүч жана жол тейлөөчү атайын техникалар сатылып алынды. Ошондой эле кызматкерлер үчүн 85 орундуу заманбап модулдук жатакана курулду», — деди ал.
Азыркы учурда карьерде кыртыш ачуу иштери жүрүп жатат. Ал эми алтын ылгоочу фабрика, жумушчулардын жатаканасы жана башка өндүрүш объектилерин куруу боюнча эл аралык тажрыйбасы бар кытайлык «Нерин Инжениринг» компаниясы менен келишим түзүлгөн.
Адистердин баамында, толугу менен «Кумтөр Голд Компани» тарабынан каржыланып жаткан Тоголок кени келечекте өлкө экономикасынын маанилүү киреше булактарынын бирине айланышы мүмкүн.
Жакында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Мүдүрлөр кеңеши кенге барып, жүргүзүлүп жаткан иштерге жана жетишилген жыйынтыктарга жогору баа берди.