Таласта суурлардын саны көбөйүүдө
Новость

Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында суурлардын саны көбөйүүдө. Алардын популяциясы жакшы деңгээлде сакталууда. Бул тууралуу 15-июнда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда учурда министрликтин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан Бакай-Ата районунун аймагындагы табигый өзөндөрдө суурлардын санын аныктоо максатында атайын эсептөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эсептөө иштери Урмарал коругу, Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында жүрүп жатат. Суурлардын так саны июль айынын башында белгилүү болот. Иш-чарага Талас  регионалдык башкармалыгынын  башкы анчылык инспектору жана токойчулар тартылды.