Кечээ, 15-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттар менен студенттерди бүтүрүүгө арналган салтанаттуу азем болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы, ички иштер органдарынын ардагерлери, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.
Иш-чаранын алкагында билимге умтулууну, кесиптик калыптанууну жана муундардын муундардын салтын улоону символдоштурган «Академиянын бүтүрүүчүсү» аттуу скульптуралык композициянын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Катышуучулар ошондой эле Академиянын аймагында куруу мерчемделип жаткан жаңы окуу корпусунун макети менен таанышышты.
Мындан тышкары, ИИМдин Академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев жаңы окуу имаратынын долбоору жана билим берүү мекемесин мындан ары өнүктүрүү перспективалары тууралуу маалымат берди.
Академиянын саптык аянтында курсанттар менен студенттерди бүтүрүүгө арналган негизги салтанаттуу бөлүк өткөрүлдү.
Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү айтылып, мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтер кааланды.
Салтанаттуу азем майрамдык жана көтөрүңкү маанайда жыйынтыкталды.
ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматы




