"Баластан" телеканалы оператор-монтажер издейт
Новость

"Баластан" телеканалы чыгармачыл жамаатты кеңейтүү максатында тажрыйбалуу жана жоопкерчиликтүү оператор-монтажерду жумушка чакырат.

Эгерде сиз балдар дүйнөсүнө жарык кошуп, кызыктуу жана сапаттуу контент жаратууну кааласаңыз, бул сиз үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Талаптар:
Видео тартуу жана монтаждоо багытында иш тажрыйбасынын болушу зарыл. Заманбап монтаж программаларын мыкты билүү, жумушка жоопкерчиликтүү, чыгармачыл, креативдүү мамиле жасоо, жамаат менен биргеликте, ынтымакта иштей билүүсү кажет.

Кызыккан талапкерлер толук маалымат алуу жана жумушка орношуу боюнча төмөнкү телефон номери аркылуу байланышса болот: 0555 26 81 18