Президенттин Администрациясынын иши боюнча айрым жарлыктарга өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

– I бөлүмдүн 1-главасынын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы”.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо: – 28-пункттун төртүнчү абзацы “бөлүм, борбор, сектор” деген сөздөрдөн кийин “, катчылык” деген сөздөр менен толукталсын.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын 3-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.